Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 05:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте таксист коронавирусту 6 үй-бүлө мүчөсүнө жуктурган

07.04.2020 11:42
1474
Бишкекте таксист коронавирусту 6 үй-бүлө мүчөсүнө жуктурган


Бишкекте таксист болуп иштеген жаран коронавируска чалдыканын билбей үйүндөгү 6 үй-бүлө мүчөсүнө да жуктурган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бүгүн, 7-апрелде маалымат жыйында билдирди.


“2020-жылдын 7-апрелине карата Бишкек шаарында коронавирус менен 25 адам ооруганы аныкталды. Бул 25 адам жакын туугандары болгон 66 адам менен жана бирге иштеген, дос-тааныштары болгон 204 адам менен байланышкан”, - деди Суракматов.

Ошондой эле калаа башчысы андай учурдан эки мисал келтирди.  

"Биринчи учур – бир үй-бүлөдө эле таксист болуп иштеген жаран коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбестен үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүн – жубайын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин – кошо ооруткан.

Экинчи учур – башка үй-бүлөдө бир жаран 4 жакын тууганына ооруну жуктурган", - деди Суракматов.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн