Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 23:58
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте "Хизб-ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

24.02.2021 16:50
687
Бишкекте "Хизб-ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

Бишкекте, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин жалданма жаранын кармашты. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


«Фейсбук социалдык тармагында Кыргызстанда тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир диний-экстремисттик уюмунун идеологиясын жайылткан аккаунт аныкталды. 23-февралда Бишкектеги үйлөрдүн биринде ыкчам кызматкерлер тарабынан бул аккаунттун артында жашырынып жүргөн 42 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган», - деп билдиришти ОИИБден.


Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн