Теке 01, 2025
Убакыт: 18:34
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.110
1.135

Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

01.07.2025 11:48
22
Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды


Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратып, ошондой эле Бишкекте жашыруун жыйындарды өткөрүп, жаңы мүчөлөрдү тартуу аракетин көргөн "Хизб ут-Тахрир" ДЭУнун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, 5 мүчөсү кармалды.


Кармалгандардын үйлөрүн тинтүү учурунда көптөгөн экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталган электрондук маалымат каражаттары табылган.


Кармалгандар "Хизб ут-Тахрир" ДЭУнун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экенин моюнга алышкан.


Мындан тышкары, алардын лидерлери мурда экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн сот жообуна тартылган. Алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.


УКМК жарандардын диний-экстремисттик уюмдарды түзүү жана алардын ишине катышуу КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн