Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 03:57
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте муздак сууга болгон тариф көтөрүлдү

30.05.2023 13:54
339
Бишкекте муздак сууга болгон тариф көтөрүлдү


Бүгүн, 30-майда Бишкек шаардык кеңеши өз жыйынында муздак сууга жана канализацияга тарифтерди көтөрүүнү жактырды.


Токтом долбооруна Бишкек шаардык кеңешинин 33 депутаты добуш берди.


Ошентип, 1-июндан тарта тарифтер төмөнкүдөй болот:


калк үчүн - 10,45 сом (салыктарды кошпогондо);


бюджеттик уюмдар үчүн - 12,95 сом;


башка керектөөчүлөр үчүн - 18,5 сом.


Канализация (1 куб метр үчүн, салыктарды кошпогондо)


калкка - 3,45 сом;


бюджеттик мекемелер - 4,5 сом;


башка керектөөчүлөргө - 9 сом.


Көп батирлүү турак жайлардын ички жалпы пайдалануудагы суу түтүктөрүн жана канализациясын тейлөө (жылына жалпы аянтынын 1 чарчы метрине, салыктарды кошпогондо)


калкка - 15,1 сом;


көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан башка керектөөчүлөргө - 15,1 сом.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн