Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 21:06
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган эки күркө алынды

08.09.2020 14:06
1011
Бишкекте мыйзамсыз орнотулган эки күркө алынды


Бишкек шаардык мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык мекемеси менен биргеликте шаарды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантууда. 


Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жакында Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган жарнама баннери алынды.


"Түшүндүрүү иштеринен кийин Үсөнбаев жана Москва, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги эки күркө кожоюндарынын өз ыктыярлары менен алынып салынды.


Ч.Айтматов проспектиси №6 дарегинин кожоюндары дагы тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган тосмону өз ыктыяры менен алышты", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн