Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 21:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандар кыйла азайды, - мэрия

23.07.2020 12:01
1338
Бишкекте күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандар кыйла азайды, - мэрия


Бишкек шарындагы күндүзгү жана түнкү стационарларга өткөн суткаларга караганда кайрылгандар аз болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 23-июлда билдирди. 


Маалыматка караганда, 22-июлда күндүзгү стационарлар 2 миң 905 адамга медициналык жардам көрсөткөн. Салыштырмалуу бир жума мурун күнүнө 4 миң  500 адам кайрылып жаткан. Ал эми 23-июлга караган түнү түнкү стационарларга 581 адам кайрылган.


23-июлга карата күндүзгү стационарларга жалпы 63 миң 130 адам кайрылып, 330 адам ооруканага жаткырылган. Ал эми түнкү стационарлар 15-июлдан 23-июлга чейин 4 миң 898 жаранды кабыл алып, 16 адам ооруканага жаткырылган. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн