Кулжа 15, 2025
Убакыт: 13:34
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Бишкекте коронавирустан 53 жаштагы адам каза болду

22.04.2020 16:18
1143
Бишкекте коронавирустан 53 жаштагы адам каза болду


Бүгүн, 22-апрелде COVID-19 вирусу бар аял каза тапты, ал 53 жашта болчу, деп билдирди Республикалык штабдын басма сөз кызматы.


Бейтап Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына 5-апрелде оор абалда келип түшкөн жана кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган. Буга чейин ал 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин районундагы ооруканада дарыланып жаткан. Маркумда дагы кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарттары бар болчу.


Муну менен өлкөдө 8-бейтап коронавирустан каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн