Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 09:57
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт

14.11.2024 15:51
296
Бишкекте кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт


Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкекте өтө турган Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынына даярдыктын жүрүшүн талкуулашты.

Жыйындын күн тартибине Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнү кеңейтүү, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба жана транспорт тармактарында кызматташуу, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара байланыш маселелери киргизилген.

Мындан тышкары, жолугушууда кыргыз-беларус өз ара кызматташуусунун келечеги жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн