Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 22:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте «гашиш» баңгизаты менен эки жаран кармалды

15.12.2023 10:09
301
Бишкекте «гашиш» баңгизаты менен эки жаран кармалды


27-ноябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаарында эки жаран кармалып, салмагы 398 граммды түзгөн «гашиш» баңги каражаты алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары 2001-ж.т. Б.Э., 1980-ж.т. Э.Б. кармалган. 


2001-ж.т. Б.Э. аттуу жаранга таандык спорттук сумкасын текшерүү учурунда баңгизаттардын өзгөчө жыты бар төрт бурчтук формадагы 30 даана брикет табылган.


Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар салмагы 398 граммды түзгөн «гашиш» баңги каражаты болгон.


Учурда 2001-ж.т. Б.Э. жана 1980-ж.т. Э.Б. Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн