Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 05:18
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте эл аралык эксперттердин катышуусунда адамдык өнүгүү форуму башталды

11.05.2022 11:21
753
Бишкекте эл аралык эксперттердин катышуусунда адамдык өнүгүү форуму башталды

Бишкекте министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Дүйнөлүк банктын, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, улуттук жана эл аралык эксперттердин катышуусунда адамдык өнүгүү форуму башталды.


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дүйнөдөгү алдыңкы эксперттерди, саламаттык сактоо, билим берүү жана соцкоргоо багытындагы жетекчилик курамды форумдун ишине тарткандыгы үчүн Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.


“Форумдун максаты — эл аралык каржы институттарынын, коомчулуктун жана биринчи кезекте элибиздин көңүлүн президент Садыр Жапаров башында турган Кыргызстандын өкмөтү инвестицияларды тартуу багытын өзгөртүп жаткандыгына буруу”, - деди ал.


Форумдун алкагында соцкоргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү боюнча сессиялар өтөт.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн