Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:06
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте диагностикалык борбордун ордуна балдар ооруканасы ачылат

15.11.2021 12:51
902
Бишкекте диагностикалык борбордун ордуна балдар ооруканасы ачылат

Бишкек шаарынын Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Республикалык диагностикалык борбор жоюлат. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Анын айтымында, тиешелүү буйрукка кол коюлду. Диагностикалык борбордун ордуна балдар ооруканасы ачылат.


«Балдар ооруканасы 240 орунга ыңгайлашат. Соңку 3 жылда диагностикалык борборго кайрылгандар аз болду, ошондуктан аны жоюуну чечтик. Өзүңөр билгендей, ал жерде буга чейин сасык тумоо жана курч респиратордук-вирустук инфекция менен ооруган балдар үчүн бөлүм ачылган», - деди Бейшеналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн