Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:55
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте бир айдан бери келин кичинекей кызы менен дайынсыз болууда

22.11.2023 17:32
429
Бишкекте бир айдан бери келин кичинекей кызы менен дайынсыз болууда


Бишкекте бир айдан бери келин кичинекей кызы менен дайынсыз болууда. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, 18-октябрда О. А. аттуу тургун 41 жаштагы бир тууганы Нургүл Орозбаева төрт жашар кызы Айбийке Нурлан кызы менен жок болуп жаткандыгын айтып, тартип сакчыларына кайрылган.


"Аял Ташкент көчөсүнөн 18-октябрь күнү чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Факт маалымат китебине катталып, издөө иштери башталган", — деп айтышты милициядан.


Нургүл Орозбаеванын белгилери: арыкчырай, бою болжол менен 155-160 сантиметр, чачы кара, узун. Кара көк кардиган, кара кроссовка кийип жүргөн.


Айбийке Нурлан кызы ачык түстөгү күрмө, кызыл жилет, ак бут кийимчен болгон.


Милиция изделип жаткандар боюнча кандайдыр бир маалымат болсо 0312566043, 0704102702, 0507692261, 0709626356 телефон номерлерине чалууну өтүндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн