Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 04:06
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте билим берүү бөлүмдөрүнүн 5 кызматкеринен коронавирус аныкталды

09.06.2020 13:46
902
Бишкекте билим берүү бөлүмдөрүнүн 5 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Бишкек шаарындагы райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн 5 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова 9-июнда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча жыйынында билдирди. 


Анын айтымында, тесттин жыйынтыгында коронавирус Октябрь райондук билим берүү борборунун 4 кызматкеринен жана Ленин райондук билим берүү борборунун 1 кызматкеринен аныкталган. 


"Алар кайдан жуктуруп алышканын билишпейт. Бирок, 20-марттан бери аралыктан иштеп жатышканын айтышты. Биз жетекчилерине карата чара көрөбүз, анткени алар өз кызматкерлерине тиешелү чаралар тууралуу маалымдашкан эмес", -  деди ал. 


9-июнга карата республика боюнча коронавирус менен жабыркагандардын саны 2055 адамды түздү. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн