Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 13:16
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте акыркы күндүзгү стационар жабылды

28.08.2020 09:13
1080
Бишкекте акыркы күндүзгү стационар жабылды

Бишкек шаарындагы акыркы күндүзгү стационар жабылды.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, шаарда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, бирок бейтаптар илдеттен айыгууда.

"Спорт ордосунда ачылган күндүзгү стационар жабылат. Медициналык жабдуулар, орундуктар жана башка инвентарлар толугу менен дезинфекцияланды", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Шаардагы күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылгандан тарта 106 миң 222 адамга медициналык жардам көрсөтүшкөн. Дарыгердер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар болуп жалпысынан 250 адам иштеген. Учурда күз-кыш мезгилине толук даярдык иштери жүрүп жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн