Бишкек шаарында Жибек жолу проспектисинин Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин кайрадан унаа кыймылы үчүн ачылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жол оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт катмары алынып, ордуна эки катмардан турган жаңы асфальт төшөлдү.
Мындан сырткары, жолдун эки тарабында жаңы бордюрлар орнотулуп, ирригациялык система иретке келтирилди.Ошондой эле жол белгилери орнотулду.
Азыркы учурда жолдун эки капталында тротуар куруу иштери уланууда. Жол курууга тоскоол болгон бардык объекттер толугу менен алынып салынган.
Оңдоо иштери 2025-жылдын 5-апрелинде башталып, 5-июлда жыйынтыкталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн