Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 04:12
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте «Тазалык» тарабынан кар тазалоо иштери кызуу жүрүүдө

09.12.2023 18:39
445
Бишкекте «Тазалык» тарабынан кар тазалоо иштери кызуу жүрүүдө


Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан кар тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, түнү менен жолдорго туз чачуу иштери башталып, 8-декабрь саат 20:00дөн 9-декабрь саат 10:00гө чейин 264 тонна өндүрүштүк туз колдонулду.

Линияда 39 атайын унаа иш алып барууда, алар - МАЗ базасында 27 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 базасында 1 кум чачуучу унаа, 2 фронталдык жүктөгүч,4 щетка жана күрөктүү “Беларусь” трактору, 5 "УКМ-2500" универсалдуу коммуналдык унаа.

Учурда көчө тазалоочулар тротуарларды, жолдун унаа кириш жактарын тазалап жатышат. Кар менен күрөшүү үчүн ишкананын бардык кызматкерлери линияга чыгышты.

Белгилей кетсек, борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоого Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери көмөк көрсөтүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн