Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 22:44
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте Сауд Аравиянын Улуттук күнү белгиленди

23.09.2024 11:34
336
Бишкекте Сауд Аравиянын Улуттук күнү белгиленди


Бишкекте бүгүн жыл сайын 23-сентябрда майрамдалып келген Сауд Аравия Падышачылыгынын Улуттук күнүнүн 94 жылдыгы белгиленди.

Иш-чара Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага Сауд Аравиянын элчиси Ибрахим Аль -Ради-Сауд, Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, Жогорку Кеңештин депуттары, бир катар элчилер, коомдук ишмерлер, журналисттер жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Иш-чаранын алкагында Сауд Аравия өлкөсүнүн улуттук тамак-аштары, каада-салты, үрп-адаты жана туризм тармагындагы сүрөт көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Маалымат үчүн: VII кылымда пайда болгон ислам дини 632-жылы Мухаммед пайгамбар өлгөндөн кийин аймак тездик менен кеңейип, бир нече таасирдүү араб династиялары түптөлгөн. Төрт аймак: Хизжаз, Нажд, Чыгыш Аравия жана Түштүк Аравия өлкөсү Абдулазиз бин Абдул Рахман тарабынан бириктирилип, 1932-жылы азыркы Сауд Аравия өлкөсү түптөлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн