Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 23:32
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте Кыргызстан менен Түркмөнстандын ТИМ башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

26.02.2025 17:19
242
Бишкекте Кыргызстан менен Түркмөнстандын ТИМ башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


Бүгүн Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту.


Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө министрлер соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык тармактардагы кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана башка маанилүү багыттарды жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.


Алдыда бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштурууга жана өткөрүүгө, келишимдик-укуктук базаны өстүрүүгө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.


Бул контекстте министрлер президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга (2021-жылы 27-28-июнь) расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.


Эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Кулубаев менен Мередовдун консультацияларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Түркмөнстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2025-2026-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн