Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 18:07
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчыларынын сүйлөшүүлөрү башталды

09.01.2024 14:14
426
Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчыларынын сүйлөшүүлөрү башталды


Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Хакан Фидандын сүйлөшүүлөрү башталды.

Учурашуу жана сүрөткө түшүү салтанатынан кийин тараптар тар курамда сүйлөшүү жүргүзүү үчүн жыйындар залына өтүштү.

Андан ары кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалган. Жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.

Эскерте кетсек, Түркиянын ТИМ башчысы Хакан Фидан расмий сапар менен Кыргызстанга келген. Бул 2024-жылы Кыргызстан кабыл алып жаткан биринчи расмий сапар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн