Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 18:25
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү кармалды

02.02.2022 13:34
827
Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү кармалды

Бишкек шаарында экстремисттик материалдарды тараткан шектүү кармалганын ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») менен кылмыш иши козголуп, ыкчам иштер жүргүзүлгөн.


Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1985-жылы туулган А.Н. шектелип кармалган. Шектүүнү текшерүү учурунда экстремисттик материалдарды социалдык түйүндөргө тараткан уюлдук телефон, Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун материалдары табылган.


Шектүү камакка алынып, экспертизалар дайындалды. Тергөө уланып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн