Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 04:12
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн Лидер-аялдар диалогунун II отуруму өтөт

03.10.2024 09:29
512
Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн Лидер-аялдар диалогунун II отуруму өтөт


Күн мурун тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын Борборд Азия боюнча атайын өкүлү - Борбор Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борбордун башчысы Каха Имнадзени менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына президент Садыр Жапаров баштаган КР делегациясынын катышуусунун жыйынтыктарын, мамлекет башчысынын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды талкуулашып, аларды андан ары ишке ашыруу боюнча пландарды белгилешти.

Регионалдык борбордун башчысы Имнадзе өз кезегинде 2024-жылдын июлунда БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү үчүн өткөрүлгөн брифинг жана жыл сайын Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде боло турган жолугушуу жана Регионалдык борбордун 2024-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, тараптар 3-4-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Борбор Азия өлкөлөрүнүн Лидер-аялдар диалогунун экинчи отурумун даярдоо, өткөрүү маселелерин талкуулашты жана бул иш-чарага Афганистандын өкүлдөрүнүн катышуусу кайрадан жанданганын белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн