Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:34
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Бишкекте 6 чакырымды түзгөн асма жолду швейцариялык компания курат

21.06.2024 13:14
406
Бишкекте 6 чакырымды түзгөн асма жолду швейцариялык компания курат


Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

Жунушалиевдин айтымында, Манас проспектисин бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Түштүк магистралга чейин узундугу 6 чакырымды түзгөн, суткасына 50 миңден 100 миң адамды өткөрө турган асма жолдун курулушу каралууда.

"Бул долбоор туристтик өзгөчөлүк болуп, шаардын транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Асма жолдорду куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон швейцариялык компания менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында асма жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди”, - деди калаа башчысы.

Азыркы учурда демөөрчүлөр табылып, 300 миң АКШ доллар бөлүнүп, техникалык-экономикалык негиздеме Ропвей (Ropway) долбоордук группа тарабынан даярдалып жатат. Аталган компаниянын тажрыйбасы чоң, көптөгөн мамлекеттерде, мисалга Германия, Италия, Индияда ушундай долбоорлорду ишке ашырган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн