Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:14
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте 5 автобустун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү

19.07.2024 11:01
282
Бишкекте 5 автобустун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү


Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 18-июлда Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачылды.

Ал эми Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылды. Буга байланыштуу №12, 31, 145, 195, 226 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү.

Кыймыл чийменин схемаларын төмөнкү шилтемелерден табууга болот:

№ 12, 31 автобустардын схемасы. №145, 195, 226 автобустардын схемасы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн