Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:22
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте 2 троллейбустук каттамдын кыймылы өзгөртүлүп, бир линия жабылды

27.08.2024 12:13
283
Бишкекте 2 троллейбустук каттамдын кыймылы өзгөртүлүп, бир линия жабылды


Бишкекте бир катар коомдук транспорттун кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилди. 

Мэриядан билдиришкендей, бүгүндөн тарта №8 троллейбустук каттам кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү менен ишин жандантты. №8 троллейбус Ак-Өргө конушунан Мамлекеттик циркке чейин каттайт. 

Ошондой эле №4 автобустук каттамдын акыркы аялдамасы Келечек жаңы конушуна чейин узартылды. Маршруттун калган бөлүгү өзгөрүүсүз калтырылды.

Ал эми оңдоо иштерине байланыштуу №7 троллейбустук каттам убактылуу жабылат. 

Мындан тышкары, маршруттук тармакты оптималдаштыруу максатында №222 автобустук каттамдын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн