Бугу 31, 2025
Убакыт: 11:53
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.105
1.140

Бишкекте 12 жаштагы балага атасы донор болуп, бөйрөгү ийгиликтүү алмаштырылды

30.05.2025 09:54
46
Бишкекте 12 жаштагы балага атасы донор болуп, бөйрөгү ийгиликтүү алмаштырылды


Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда балдарга бөйрөк трансплантациялоо багытын өнүктүрүү улантылууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.


Маалыматта айтылгандай, адистер балдарга өз убагында бөйрөк алмаштыруунун маанилүүлүгүн жана заманбап хирургиялык ыкмаларды, анын ичинде лапароскопиялык нефрэктомияны киргизүүнү баса белгилешүүдө.


Мисалы, жакында 12 жаштагы К.Б. аттуу балага бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Ал өнөкөт гломерулонефрит (ӨГН стадиясы 5) диагнозу менен 2024-жылдан бери перитонеалдык диализ алып келген. Ага атасы донор болду.

Донордон бөйрөк лапароскопиялык ыкма менен алынды.


Лапароскопиялык нефрэктомия — бул заманбап, аз инвазивдүү хирургиялык технология. Ал салттуу (ачык) операцияга салыштырмалуу бир катар артыкчылыктарга ээ: ткань аз жаракат алат, кан жоготуу аз болот, операциядан кийин бейтап өзүн жакшы сезет, калыбына келүү мөөнөтү кыскараак болот.


Мындай татаал операциялардын Кыргызстанда ийгиликтүү аткарылышы Улуттук борбордун жогорку квалификациялуу адистеринин — балдар нефрологдорунун, трансплантологдорунун, анестезиологдорунун жана балдар хирургдарынан турган топтун биргелешкен эмгегинин аркасында мүмкүн болууда.


Бүгүнкү күндө оорукана оор нефрологиялык оорулары бар балдарга тийиштүү медициналык жардамдын толук чөйрөсүн, анын ичинде бөйрөк алмаштырууну камсыз кылат. Борбор бул багытты мындан ары да өнүктүрүп, жогорку технологиялык медициналык жардамды балдар үчүн жеткиликтүү кылуу максатында алдыңкы технологияларды киргизүүнү улантат.


Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да, балдар арасында бөйрөк трансплантациясынын көрсөткүчү оптималдуу деңгээлден төмөн бойдон калууда. Бул мындай медициналык жардам көрсөтүлө турган мекемелердин аздыгы жана педиатрияда операция жасоого коюлган өзгөчө талаптар менен байланыштуу. Бирок бөйрөк трансплантациясы баланын ден соолугу үчүн абдан маанилүү: ал өсүүнүн артта калышы, ортопедиялык көйгөйлөр, кан тамырлардын оорулары сыяктуу татаал кесепеттердин алдын алып, жашоонун сапатын жана баланын коомго ыңгайлашуусун жакшыртат.


Трансплантацияны пландаштырганда негизги көңүл буруучу маселелердин бири — донордук бөйрөктүн баланын дене салмагына ылайык келиши. Баланын салмагы 20 килограммдан ашса, ага чоң кишиден — мисалы, ата-энесин донор кылса — бала бөйрөк көчүрүү операциясын тоскоолдуксуз көтөрө алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн