Бугу 29, 2025
Убакыт: 04:38:59
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.090
1.110

Бишкек шаарында азык-түлүктүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө

16.03.2022 14:00
1086
Бишкек шаарында азык-түлүктүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө


Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Русланбек Тагаев “Дордой Моторс” базарында болуп, эң керектүү азык-түлүктөрдүн баасына мониторинг жүргүздү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте базардын сатуучуларына азык-түлүк жана социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Район башчысы социалдык мааниге ээ болгон азык-түлүк товарларына бааны кармап, райондун калкы үчүн жеткиликтүү болушун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында ири «Фрунзе», «Глобус», «Народный» гипермаркеттеринин арасында да түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Бааларды көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар улантылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн