Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 05:35
USD
EUR
RUB

Бишкек мэриясы кытайлык компаниядан электробустарды сатып алат

27.06.2022 12:51
537
Бишкек мэриясы кытайлык компаниядан электробустарды сатып алат


Кытайлык компания атайын келишимдин негизинде Бишкекке электробустарды жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча агенттик электробустарды чыгарган кытайлык "Амир-Групп" компаниясы менен жолугушуусу болуп өттү. Компания жолугушууда чогулткан электробустарынын сапатына кепилдик бергени маалымдалды. Ошондой эле, алар эскирип, колдонуудан чыгып калган учурда кайрадан жасап чыгуу боюнча бардык чыгымдарды көтөрүүгө даяр экендигин билдирген.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу пайдалуу кызматташтыктын жана электробустарды Кыргызстанга жеткирүү боюнча макулдашуулар талкууланганы айтылды.
https://www.super.kg/kabar/news/411391/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн