Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 05:36
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкек мэриясы ЖЭБге миллиард сом насыя алууну пландоодо

20.12.2024 13:52
278
Бишкек мэриясы ЖЭБге миллиард сом насыя алууну пландоодо


Бишкек мэриясы ЖЭБге миллиард сом насыя алууга белсенүүдө. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин шаардык кеңешке кайрылуусунда айтылган.


Кайрылууда "Бишкек жылуулук электр борбору" ишканасы өзүнүн кредиттик карыздарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард сом насыя алууга макулдук берүүнү суранган.


Маалыматта тарифтер социалдык багытта болгондуктан калкка берилген жылуулук өздүк наркын жаппай турганы айтылган. Энергия өндүрүү үчүн көмөкчү жабдуулар алдын ала оңдолуп, отун жана башка ресурстар сатып алынары, бул айда өндүрүлгөн энергиянын акчасы (киреше) бир айдан кийин түшөрү да белгиленген.


Күрөөгө "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын мүлкү коюлган.


Ишкана жылуулук жана электр энергиясын сатып, чыгымдарды өздүк наркка кошуу менен кредитти төлөөнү пландоодо.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн