Теке 30, 2025
Убакыт: 08:50
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.050
1.090

Бишкек-Кара-Балта жолу күзүндө бүтөт

25.02.2020 11:29
948
Бишкек-Кара-Балта жолу күзүндө бүтөт


Бишкек-Кара-Балта жолу 2020-жылдын күз айларында реконструкцияланып бүтөт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов 25-февралда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.


Анын айтымында, аталган жолдун курулушун 2020-жылдын апрель айында аяктоо пландалган. Бирок, айрым себептерден улам ал 2020-жылдын ноябрь айында жылдырылган.


Бишкек-Кара-Балта-Чалдыбар жолу Бишкек-Ош жана Бишкек-Ташкент стратегиялык жолдорунун бир бөлүгүнө кирет. Буга чейин жолдун жазылыгы 32 метрди түзгөндүктөн жол жээгиндеги курулуштар алынары кабарланган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн