Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Бишкек жолунун Суусамыр бөлүгүндө жолду асфальттоо иштеринин жүрүшүн текшерди.
"Регион" телеканалынан билдиришкендей, Ташиев жол куруучуларга жана транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевге жолдун сапатына жана аяктоо мөөнөтүнө катуу көңүл бурууну эскертти.
Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жумушту көзөмөлгө алып жатканын белгиледи.
Аталган жол тилкеси Төө-Ашуудан баштап Ала-Белге чейин, жалпы 85 чакырымды түзөт. Бул жолго жаңыдан асфальт басуу иштери ушул жылдын сентябрь айында бүткөрүлүшү керек. Учурда жолдун 50 чакырымына Кытайлык Чайна Роуд компаниясы, ал эми 35 чакырымына башка жеке компания асфальт төшөө иштерин жүргүзүүдө.
Подрядчылар жана транспорт министри коюлган талаптар толугу менен аткарылып жатканын билдиришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн