Баш оона 05, 2025
Убакыт: 12:19
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Бишкек – Бухарест түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

05.08.2025 09:24
17
Бишкек – Бухарест түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды


Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов баштаган делегация Румынияга расмий сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү.


Агенттиктен билдиришкендей, делегация Румыниянын Жарандык авиация башкармалыгынын башкы директору Николае Стойка менен иш жолугушуусун өткөрдү.


Тараптар Кыргызстан менен Румыниянын ортосунда аба каттамдары боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Кыргызстан Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгарылгандан кийин Бишкек – Бухарест түз аба каттамын ачуу перспективаларын талкуулашты.


Ошондой эле Румыниянын Транспорт министрлигинин секретариаты менен жолугушуу өттү. Тараптар жарандык авиация чөйрөсүндө кызматташуунун багыттарын, анын ичинде жөнгө салуу, инфраструктура жана кадр даярдоо маселелерин карашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн