Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 19:40:47
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Бишкек - Сокулук багытында жүргөн автобус каттамы ишке кирет

19.12.2024 10:17
295
Бишкек - Сокулук багытында жүргөн автобус каттамы ишке кирет


Бүгүн, 19-декабрдан тарта Бишкек - Сокулук (Сары-Өзөн) багытында жүргөн № 32 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, акыркы аялдама тоок фабрикасында жайгашат. Күн сайын 25 автобус каттамга чыгат, жүрүү аралыгы 10-14 мүнөттү түзөт.
Жол кире акысы 35 сом. Ал эми Бишкек шаарынын аймагында 20 сом.

"Автобус каттамы Сокулук районунун тургундарынын өтүнүчү менен ачылды. Жол кире акысы Сары-Өзөн айылдык кеңешинин чечими менен 35 сом болуп бекитилди", - деп айтылат маалымат.

Белгиленгендей, туруктуу каттам ачылгандыктан, убактылуу иштеп жаткан № 19 автобус каттамы ишин токтот. Бажы жана катоо процедураларын аяктаса, Isuzu үлгүсүндөгү автобустарга алмаштырылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн