Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 23:04
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Баткендин чек арага жакын аймактарына турак жайларды куруу үчүн 200 миллион сом бөлүү сунушталды

31.05.2022 16:16
2050
Баткендин чек арага жакын аймактарына турак жайларды куруу үчүн 200 миллион сом бөлүү сунушталды


Баткен облусунун чек арага жакын аймактарына турак жайларды куруу үчүн 200 миллион сом бөлүү сунушталды. Аталган токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Долбоордун милдети — турак жайларды көбөйтүү аркылуу облустун калктуу конуштарынын тургундарынын жашоо сапатын жогорулатуу.

Ага ылайык, "Мамлекеттик ипотекалык компания" (МИК) ишканасы инвестор болуп 200 миллион сом бөлөт. Курулуш иштерин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги аткарат.

Курулган турак үйлөр МИК аркылуу жарандарга түздөн-түз, төлөмдөрдү жабуунун жеңилдетилген мөөнөтү менен кийин сатып алууга мүмкүн болгондой ижара келишими боюнча берилет.

Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш чек аралаш аймактарда үй курууга муктаж болгон калктуу конуштарды аныктап, аны ала тургундардын тизмесин түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн