Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 17:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Баткенде баасы 2,6 млн сомдук аткезчилик менен ташылган жүк кармалды

24.08.2021 13:29
577
Баткенде баасы 2,6 млн сомдук аткезчилик менен ташылган жүк кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын кызматкерлери 23-августта мыйзамсыз ташылып бара жаткан аткезчилик жүктү кармады.


Аталган кызматтан билдиришкендей, чек ара кызматкерлери УКМК жана ИИМдин кызматкерлери менен бирге Кожо-Бакырган каналын бойлой бара жаткан “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасын токтоткон.


“Унаада 1994-жылкы С.Э. аттуу айдоочу жана 1994-жылкы С.С. аттуу жүргүнчү болгон. Экөө тең Кыргызстандын жарандары. Унааны кароо учурунда тиешелүү документтери жок дары-дармек салынган 175 куту алынган. Алдын ала маалымат боюнча, дарылар 2 млн 680 миң 600 сомго бааланат”, - деп айтылат маалыматта.


Документтер толтурулгандан кийин кармалган эки жаран жана жүк тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн