Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 22:25
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Баткенде Шахимарданга аткезчилик менен алынып бара жаткан дан азыктары аныкталды

06.04.2022 11:49
573
Баткенде Шахимарданга аткезчилик менен алынып бара жаткан дан азыктары аныкталды

Кыргызстандан Өзбекстанга дан азыктарын аткезчилик менен ташууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 4-апрелде Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында 2 жүк ташуучу унаа токтотулган.


"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундарынын башкаруусунда келе жаткан бул унаалардагы дан азыктары Өзбекстандын Фергана облусунун Риштан районунун Шахимардан анклавына аткезчилик жол менен бара жаткандыгы белгилүү болуп, кармалды", - деп айтылат маалыматта.


Маалыматта аталган факт Кадамжай РИИБдин электрондук журналына катталып, кармалган унаалар атайын токтотулуучу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы белгиленген.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн