Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 14:15
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Баткен облусуна 9 тез жардам унаасы берилди

02.02.2021 19:05
1958
Баткен облусуна 9 тез жардам унаасы берилди

Ислам банкынын COVID-19 долбоорунун алкагында Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 9 тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.


Тез жардам унааларын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов тапшырып, саламаттыкты сактоо тармагынын материалдык техникалык базасынын чыңдалышы, жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө өбөлгө болоорун белгиледи. Ошондой эле алдыда тез жардам унаасына болгон муктаждыкты жеңилдетүү аракеттери уланарын кошумчалады.


Тапшырылган техникаларды эсепке алганда облуста тез жардам унааларынын саны 53тү түздү. 2020-жылы облуска мамлекет тарабынан 8, демөөрчүлөрдүн эсебинен 9 тез жардам унаасы алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн