Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 13:10
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Көп кабаттуу үйдүн тепкичинде анализ алган дарыгерлер боюнча териштирүү башталды

29.04.2020 12:46
1127
Көп кабаттуу үйдүн тепкичинде анализ алган дарыгерлер боюнча териштирүү башталды


Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн тепкичинде анализ алган дарыгерлер боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. 


“Бул окуя боюнча териштирүү иштери башталды. Учурда эмне үчүн мындай болуп калганы иликтенип жатат. Бул жагдай иликтенип бүткөндөн кийин дагы кошумча маалымат беребиз”, - деди Акматова.


Эске салсак, Бишкекте дарыгерлердин көп кабаттуу батирдин тепкичинде эле коронавируска анализ алып жатканы жарандарды нааразы кылганы айтылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн