Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 17:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

БатМУда бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды

10.04.2025 15:21
498
БатМУда бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды


Баткен мамлекеттик университетинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызматтын маалыматына караганда, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу жана коротуу" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында БатМУнун жооптуу кызматкерлери контракттык негизде окуу үчүн акы төлөнүүчү студенттердин акча каражаттарын ыйгаруу боюнча мыйзамсыз схеманы, ошондой эле жалган документтерди тариздөө жолу менен командировкалык чыгымдарды негизсиз төлөөлөрдү уюштургандыгы такталган.


Алсак, 2020-жылдан 2024-жылга чейин контракт боюнча окуу үчүн студенттер төлөгөн 14 млн.447 миң 200 сом акча каражаты БатМУнун бюджетине түшпөй, университеттин жооптуу адамдары тарабынан кымырылган.


Мындан тышкары, университеттин жооптуу адамдары тарабынан кызматкерлерге жана студенттерге 2 млн 875 миң 300 сом суммасында негизсиз чет өлкөгө командировкалык төлөмдөр системалуу түрдө жүзөгө ашырылган.


Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы тарабынан жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян 17 млн 322 миң 500 сомду түзгөн.


Азыркы учурда кызмат адамдарын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу жана алар тарабынан аныкталган зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн