Кулжа 14, 2025
Убакыт: 01:12
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Башкы прокуратуранын мурдагы имаратын бузууга тендер жарыяланды

24.06.2022 17:16
729
Башкы прокуратуранын мурдагы имаратын бузууга тендер жарыяланды


Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы эки имаратты бузууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, алардын бири Орозбеков көчөсү №72 дарегинде жайгашкан Башкы прокуратураынын мурдагы имараты жана Жибек-Жолу көчөсү №286 дарегиндеги ден соолукту чындоо комплексинин имараты.

Пландалган сумма 11 млн 814 миң 372 сом. Башкача айтканда, Башкы прокуратуранын имаратын бузууга - 7 млн 672 миң 989 сом, ал эми ден соолукту чыңдоо комплексинин имаратын бузууга - 4 млн 141 миң 383 сом каралган.

Сынакка арыз берүүнүн мөөнөтү 7-июлга чейин.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн