Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 12:46
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Баш сөөгү сынган. Бишкекте аялы менен 6 айлык баласын сабаган киши кармалды

Баш сөөгү сынган. Бишкекте аялы менен 6 айлык баласын сабаган киши кармалды

Бишкек шаарында 35 жаштагы жаран жубайын жана алты айлык баласын катуу сабаган. Бул тууралуу "Кактус.медиа" өздүк булактарына таянып кабарлады.


Маалым болгондой, 25-февралда милицияга  эркек киши жубайын тынымсыз сабап келгени тууралуу  маалымат түшкөн.

Бул жолу  жаран жубайы менен кошо 6 айлык баласын да сабаган.


Алган жаракатынан улам жубайы Улуттук госпиталга жаткырылган. Анын денесинде ар кандай жаракаттар жана баш сөөгүнөн жаракат алганы аныкталган.


Ошондой эле 6 айлык наристе Бишкек шаарынын медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына жаткырылган.

Бөбөктүн баш сөөгүнүн сынганы аныкталган.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жумагул
Сабыр бере кор Аллахым .не болуп баратаьыз