Теке 08, 2025
Убакыт: 17:17
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.110
1.135

Балыкчынын мэрине мамкызматкердин этикасы кандай болору түшүндүрүлдү

08.07.2025 13:34
19
Балыкчынын мэрине мамкызматкердин этикасы кандай болору түшүндүрүлдү


Балыкчынын мэри Султан Кермалиев жана анын кол алдындагыларга мамкызматкердин этикасы кандай болору түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. 


Маалыматка ылайык, агенттиктин тиешелүү бөлүмдөрү Балыкчы мэриясына пландан тышкаркы кызматтык сапар менен барган.


"Кеңешменин жүрүшүндө кызматкерлер менен ачык диалог жүрүп, мамлекеттик кызматтын жүрүм-турум кодекси, кесиптик мораль, стресске туруштук берүү жана кызматкерлердин ортосундагы мамиле боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта. 


Буга чейин Султан Кермалиев Балыкчынын мэри болуп дайындалган соң маек куруп, анысы коомдо кызуу талкуу жараткан. Айрымдар мэрдин аша чаап, мактанып жатканын айтса, башкалар кызматтык этика болушу керектигин жазышкан. Кийин буга президент Садыр Жапаров комментарий берип, Кермалиевдин иш билги экенин айтып, анын этикасын оңдосо болорун белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн