Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 09:39
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Балыкчыда 13 жаштагы кызды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

18.10.2024 11:10
724
Балыкчыда 13 жаштагы кызды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды


Унаа айдап бара жатып баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалганын 18-октябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.


17-октябрь күнү саат 17:10 чамасында Балыкчы шаарында «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа 2011-жылы туулган М.А.ны сүзүп кеткен.


Балыкчы шаардык жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган У.А. кармалган. Анын унаасы айып жайга киргизилип, айдоочу милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн