Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:42
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Балдарды коргоонун эл аралык күнү: Бүгүн борбор калаада кандай иш-чаралар өтөт?

01.06.2023 09:47
366
Балдарды коргоонун эл аралык күнү: Бүгүн борбор калаада кандай иш-чаралар өтөт?


Бишкек мэриясы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык программа даярдады. Майрамдык салтанаттар "Ала-Тоо" борбордук аянтында жана шаардын ар бир районунда өткөрүлөт.

Бүгүн саат 10:00дөн 21:30га чейин Ала-Тоо аянтында Биринчи балалык фестивалы өтөт. Коноктор үчүн фуд корттор, оюнчук жарманкелери жана оюн-зооктор уюштурулат.

Балдарды жана алардын ата-энелерин этно оюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнирлер, көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстар, цирк, бет сүрөт, бий сынактары, ыр сынагы жана жаш сүрөтчүлөрдүн сынагы күтүүдө.

Ал эми саат 17.30да аянтта концерт башталат. Конокторго "Наристе" фестивалынын катышуучулары жана кыргыз эстрада жылдыздары концерт беришет.

Саат 20:00дө балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган D Billions музыкалык тобунун чыгышы белгиленген.

Майрамды Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен биринчи айымдын "Эне-балага тирек" коомдук фонду уюштурууда.

Бишкектин райондорунда да майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Кененирээк маалымат менен шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн