Кулжа 04, 2025
Убакыт: 01:59
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.103
1.135

Бакыт Төрөбаев бардык үрөнчүлүк чарбаларынын алдына бир катар тапшырмаларды койду

02.06.2025 10:06
70
Бакыт Төрөбаев бардык үрөнчүлүк чарбаларынын алдына бир катар тапшырмаларды койду


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев республиканын бардык үрөнчүлүк чарбаларынын алдына жогорку пайда алып келе турган өсүмдүктөрдү өстүрүү, аны дыйкандарга кеңири жайылтуу боюнча бир катар тапшырмаларды койду. 


Ведомстводон билдиришкендей, тапшырмага ылайык, учурда Баткен облусунда цитрус мандарин, апельсин ж.б) өсүмдүктөрү, Кара-Суу районундагы Кыргыз сорт сыноо станциясы мамлекеттик ишканасынын “Отуз-Адыр” филиалынынын базасында 4 га жер аянтка Турциядан алынып келинген “Продюсер Сайс” сортундагы жогорку моржиналдуу дарбыздын жана 2 га жер аянтка Голландиядан алып келинген “Лоджейн” сортундагы помидорлор өстүрүлүүдө. Ошондой эле, “Оомат-агро” өндүрүштүк үрөнчүлүк кооперативинин базасында жогорку моржиналдуу жүзүм көчөттөрүнүн 5 сорту эгилип сыналып жатат. 


Андан сырткары өлкөнүн бир катар аймактарында ушуга окшогон сыноолор активдүү өтүүдө. 


“Бардык үрөнчүлүк чарбалар 1-2 га жерге көп пайда алып келе турган өсүмдүктөргө сыноо жүргүзүп, аны өздөштүрүп, андан кийин дыйкан-фермерлерге туура өстүрүү ыкмаларын үйрөтүүлөрү зарыл. Жогорку пайда алып келген чарбаларда өстүрүлүп жаткан жүзүмдү, дарбызды, помидорду болобу, ар бир өсүмдүк боюнча облустук жана райондук деңгээлде окуу семинарларды уюштуруп, элге жайылтуу керек. Дыйкан-фермерлер көп пайда алып келе турган өсүмдүктөрдү өстүрүү менен киреше булактарын арттыруулары зарыл. Ошол эле учурда сугат сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугарууну да колго алуу учурдун талабы, - деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн