Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бүгүн Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы иш-чарада 542 калктуу конуштарда таза суу долбоорлору ишке ашып жатканын билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, Төрөбаев өз сөзүндө долбоордун айыл калкынын жашоо сапатын жогорулатуу жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Эл аралык донорлор менен биргеликте Республиканын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу максатында Кыргызстан боюнча 226 калктуу конуштарда тазу суу долбоорлору ишке ашып жатат, анын ичинен 92 айылда курулуш иштери аяктады, 74 айылда курулуш иштери жүрүп жатат, 60 айыл боюнча долбоор–сметалык документация (ПСД) даярдалып жатат. Бул долбоорлордун жалпы бюджети 250 млн долларын түзөт.
Дагы бир маанилүү долбоор, бул “Ысык-Көл облусунун саркынды сууларын башкаруу”, аны ишке ашырууга 41,8 млн доллары бөлүнүп, Балыкчы шаарынын тазалоочу жайынын курулушу аяктады, ал эми Каракол шаарынын тазалоочу жайын куруу иштери 40 пайыздан ашты.
2025-жылы республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 183 объекттин курулушу каралган, анын ичинде 316 калктуу конуш бар, азыркы учурда 240 айыл боюнча ПСД жасоо алдында турат, 76 айылда курулуш-монтаждоо иштери башталууда», - деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.
Эске салсак, бүгүн, 4-июнда Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында «Айылдарды суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан жаңы суу түтүктөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн