Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:12
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

БУУ Беларуста кармалгандарга зомбулук көрсөтүлгөн жүздөгөн окуяны документтештирди

02.09.2020 11:50
1020
БУУ Беларуста кармалгандарга зомбулук көрсөтүлгөн жүздөгөн окуяны документтештирди


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттери Беларустагы толкундоолор учурундагы зомбулук жана катаал мамилелерди тастыктаган 450 учур документтештирилгенин билдирди. Бул тууралуу маалымат  БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын сайтына жарыяланды. 



Уюмдун эксперттери аялдар жана балдарга зомбулук жасалганы, анын ичинде сексуалдык кордук көрсөтүлгөнү жөнүндө маалымат бар экенин белгилешкен. Анда  кеминде алты адамдын дайны чыкпай жатканы айтылат.



БУУ Беларус бийлигин кыйноону токтотууга жана демонстрациялар маалында кармалган кишилерге зомбулук көрсөткөн милиция кызматкерлерин жоопко тартууга үндөөдө.


Эске салсак, Беларуста нааразылык акциялары 9-августтан бери тынымсыз өтүп жатат. Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.



Митингдердин алгачкы күндөрүндө тартип коргоо кызматкерлери демонстранттарга күч колдонуп жаткан. Акциянын бир нече катышуучусу көз жумду. Жалпысынан 8 минден ашык адам камакка алынган.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн