Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:27
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

БШКнын мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө аракет кылуу боюнча ИИМдин түшүндүрмөсү

21.10.2020 17:36
920
БШКнын мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө аракет кылуу боюнча ИИМдин түшүндүрмөсү

ИИМдин Тергөө кызматы 2020-жылдын 5-6-октябрь күнү Бишкек шаарында катталган массалык баш аламандык фактысы боюнча Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык баш аламандык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, иликтенип жаткан иштин алкагында 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын лидерлери жана алардын тарапташтары Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтына уруксат берилбеген митингге чыгышкан. 


"Массалык баш аламандыкка түрткү болгон себептерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы 2020-жылдын 5-октябрь күнү болгон окуянын жагдайларын аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүн күбө катары суракка алуу үчүн кабарлама берүү менен камсыздоо тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн