Кулжа 13, 2025
Убакыт: 03:46:24
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

БШК: Свердлов округунан Салымбеков, Ысык-Көл округунан Тыналиев жеңди

05.07.2024 13:35
6933
БШК: Свердлов округунан Салымбеков, Ысык-Көл округунан Тыналиев жеңди


Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо боюнча эки округдун жыйынтыгын чыгарды.

БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Жумабек Салымбеков жеңүүчү деп табылды. Ал 10 623 шайлоочунун добушун (64,68%) алган.

Ал эми №36 Ысык-Көл округунан Айжигит Тыналиев утуп чыкты. Ага шайлоочулардын 16,04%ы добуш берген.

Эске салсак, 30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өткөн.

Учурда Ноокат округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы толук чыга элек. Боршайкомдун автоматташтырылган эсептөө системасынын маалыматына ылайык, №5 Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов 11 миң 596 (45.12%) шайлоочунун добушуна ээ болуп, алдыга озуп чыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн