Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 10:22
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Азыркы согушта ок-дарыларды, патрондорду бекиткен чыккынчыларды жазалаш керек, - Ташиев

20.07.2020 15:28
1853
Азыркы согушта ок-дарыларды, патрондорду бекиткен чыккынчыларды жазалаш керек, - Ташиев


Менин колумда бийлик болгондо катылып жаткан дарылардын табылышы менен дароо элге конфискациялап берет элем, деп билдирди саясатчы, экс-депутат Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына берген маегинде.


Анын айтымында, адамдын өмүрүн, ден соолугун бүгүн сактап калыш керек, эртең эмес. Ал үчүн ыкчам чараларды кабыл алуу керек. “Кампадан ошол дары-дармектерди таптыңбы, 2 сааттын ичинде кыйналган элге таратып бериш керек болчу. Дарыларды катып отургандарга кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартуу зарыл. Адамдар 3-4 күн ооруй турсун деген болбойт, азыр саатына өмүрлөр өтүп жатат”, - деди Ташиев.


Ал белгилегендей, бул дарылар кимдики болгон, канча өлчөмдө табылды, мунун баарын элге ачык айтуу керек болчу. “Учурда согуш болуп жатат. Ушул согушта ок-дарыларды, патрондорду бекитип жаткан чыккынчыларды азыр жазалаш керек”, - деп белгиледи саясатчы.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн