Бугу 21, 2025
Убакыт: 18:03
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.080
1.110

Ажылыкка сапар алгандардын алгачкы тобу Медина шаарына жетти

21.05.2025 13:08
24
Ажылыкка сапар алгандардын алгачкы тобу Медина шаарына жетти


Бүгүн кыргызстандык болочок ажылардын алгачкы тобу ыйык Медина шаарына жетип, зыярат жайларына жакын жайгашкан мейманканаларга жайгаша баштады.


Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, зыяратчыларды ажылыкты уюштуруу штабынын Медина шаары боюнча жооптуу өкүлдөрү — Жоробай ажы Шергазиев жана Алмаз ажы Умарбеков тосуп алышты.


Медина шаары боюнча жооптуу өкүл Жоробай ажы Шергазиев Медина шаарында аткарылуучу ибадаттар жана зыяраттар боюнча маалымат берди.


"Ажылык — мусулман үчүн парз болгон улуу ибадат. Кыргызстандык зыяратчылардын ыйык Мединага аман-эсен келип, Мадинадагы мейманканаларга жайгашуусу — Алла Тааланын чоң ырайымы. Ар бир зыяратчы жүрөгүндө ихлас, тилегинде сабыр менен шүгүрдү көтөрүп, бул сапарды такыбаа жана ихсан менен өтөөгө умтулусу зарыл. Анткени, бир учурда миллиондогон адамдар келгендиктен ажылык машакат", — деди Жоробай ажы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн